Борбордук депозитарий — жабык акционердик коому

Жетекчилик

Director.png

Ногойбаева Анаракан Токтосуновна

«Кыргыз Республикасынын Борбордук депозитарийи» ЖАКтын Башкы директору

Кыргыз Республикасынын баалуу кагаздар рыногунда 27 жылдан ашуун эмгек тажрыйбасы бар адис. 2025-жылдын октябрь айынан тартып «Кыргыз Республикасынын Борбордук депозитарийи» ЖАКты жетектеп келет.

Инвестициялык компанияны башкаруу, инвестициялык фонддордун ишин уюштуруу, депозитардык, брокердик жана дилердик ишмердүүлүк, баалуу кагаздар рыногундагы соода-сатыкты уюштуруу, ошондой эле корпоративдик жана мамлекеттик баалуу кагаздардын чыгарылыштарын коштоо боюнча көп жылдык жетекчилик тажрыйбага ээ.

Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин юридикалык факультетин бүтүргөн. Ошондой эле И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде экономика боюнча магистр даражасын алган.

Брокердик, дилердик, депозитардык ишмердүүлүк, инвестициялык активдерди ишенимдүү башкаруу, соода жүргүзүүнү уюштуруу жана баалуу кагаздардын ээлеринин реестрин жүргүзүү боюнча квалификациялык күбөлүктөргө ээ.

Кыргыз Республикасынын финансылык рыногунун «Финансы рыногунун отличниги» наамынын ээси. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы, ошондой эле финансылык рынокту жана капитал рыногун өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн мамлекеттик, тармактык жана эл аралык сыйлыктар менен сыйланган.

Башкаруу | БД КР | ЦД КР