ЕӨБ Кыргызстандын Борбордук депозитарийин модернизациялоону колдой
Евразия өнүктүрүү банкы (ЕӨБ), «Борбордук депозитарий» ЖАК жана РФӨФ Кыргыз Республикасынын Борбордук депозитарийинин эсепке алуу системасын модернизациялоого багытталган техникалык көмөк көрсөтүү жөнүндө келишимге кол коюшту.
Долбоор Кыргызстандын фондулук рыногунун инфраструктурасын модернизациялоонун кезектеги этабы болуп саналат. Буга чейин ЕӨБ жана РФӨФтүн колдоосу менен Кыргыз фондулук биржасынын IT-инфраструктурасы жаңыртылган. Эми техникалык көмөк капитал рыногунун маанилүү институту — баалуу кагаздарга болгон укуктарды эсепке алууну жана рыноктун эсептешүү инфраструктурасынын ишенимдүүлүгүн камсыз кылган Борбордук депозитарийди өнүктүрүүгө багытталат.
Модернизациялоонун зарылдыгы Кыргыз Республикасында жүргүзүлүп жаткан фондулук рынокту реформалоонун алкагында каралган. Долбоордун алкагында Борбордук депозитарийдин эсепке алуу системасы модернизацияланып, IT-инфраструктурасы жаңыртылат, баалуу кагаздар рыногунун бардык кесипкөй катышуучулары менен электрондук документ жүгүртүү киргизилет жана баалуу кагаздар менен жүргүзүлгөн операциялар боюнча маалыматтарды реалдуу убакыт режиминде алмашуу камсыз кылынат.
Мындан тышкары, депозитардык системаны Кыргыз фондулук биржасы жана башка эсепке алуу платформалары менен интеграциялоо, бизнес-процесстерди жана ченемдик базаны өркүндөтүү, адистердин квалификациясын жогорулатуу, ошондой эле долбоорду техникалык жана юридикалык жактан коштоо каралган.
Евразия өнүктүрүү банкынын Башкармалыгынын төрагасынын орун басары Алексей Скатин:
«Заманбап финансылык инфраструктураны өнүктүрүү — натыйжалуу капитал рыногун түзүүнүн зарыл шарты. Борбордук депозитарийди модернизациялоо баалуу кагаздар менен операцияларды жүргүзүүнүн ишенимдүүлүгүн жана ылдамдыгын жогорулатууга, рыноктун катышуучуларынын санариптик өз ара аракеттенүү мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө жана финансылык секторду мындан ары өнүктүрүү үчүн технологиялык негиз түзүүгө мүмкүндүк берет».
«Борбордук депозитарий» ЖАКтын башкы директору Анаркан Ногойбаева:
«Борбордук депозитарий үчүн бул стратегиялык мааниге ээ долбоор. Ал санариптештирүүнүн жаңы деңгээлине өтүүгө, негизги процесстерди автоматташтырууга, маалымат алмашууну реалдуу убакыт режиминде камсыз кылууга жана баалуу кагаздар рыногунун бардык катышуучулары үчүн кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатууга мүмкүндүк берет. Модернизация Кыргыз Республикасынын фондулук рыногун мындан ары өнүктүрүүгө жана аны эл аралык финансылык инфраструктура менен интеграциялоого негиз түзөт».
Долбоорду ишке ашыруу Кыргызстандын баалуу кагаздар рыногунун ишенимдүүлүгүн жана натыйжалуулугун жогорулатууга, операцияларды иштетүү жана тапшырмаларды аткаруу мөөнөттөрүн кыскартууга, операциялык тобокелдиктерди төмөндөтүүгө жана финансылык инструменттерди эсепке алуу үчүн заманбап санариптик инфраструктураны түзүүгө мүмкүндүк берет.
Долбоор инвесторлордун ишенимин бекемдөөгө жана өлкөнүн инвестициялык жагымдуулугун мындан ары жогорулатууга өбөлгө түзөт.
