Ысык-Көлдө өтүп жаткан сегизинчи Кыргыз-Россия экономикалык форуму
Бүгүн Башкы директор Ногойбаева Анаркан Токтосуновна Ысык-Көлдө өтүп жаткан сегизинчи Кыргыз-Россия экономикалык форумуна катышууда.
Бүгүн биз Кыргыз Республикасынын финансылык инфраструктурасын өнүктүрүү үчүн стратегиялык мааниге ээ болгон макулдашууга кол коюп жатабыз.
Бул долбоорду заманбап, ишенимдүү жана эл аралык стандарттарга жооп берген депозитардык системаны түзүүгө багытталган инвестиция деп эсептейм.
«Борбордук депозитарий» ЖАК Кыргыз Республикасынын баалуу кагаздар рыногунун системаны түзүүчү негизги инфраструктурасы болуп саналат. Дал ушул депозитардык система аркылуу финансылык инструменттердин ишенимдүү эсеби жана сакталышы камсыздалып, инвесторлордун укуктары корголот жана капитал рыногунун туруктуулугу бекемделет.
Бүгүн кол коюлуп жаткан макулдашуу Борбордук депозитарийди модернизациялоонун, санариптик технологияларды киргизүүнүн, киберкоопсуздуктун деңгээлин жогорулатуунун жана өлкөбүздүн экономикасына инвестицияларды тартуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүнүн маанилүү этабы болот.
Биз бул долбоорду улуттук депозитардык инфраструктураны мындан ары өнүктүрүүнүн негизи катары карайбыз. Ал капитал рыногунун натыйжалуу иштешин камсыздап, жаңы финансылык инструменттерди чыгарууга жана Кыргыз Республикасынын региондук финансылык мейкиндикке тереңирээк интеграцияланышына өбөлгө түзөт.
Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондуна жана Евразия өнүктүрүү банкына көрсөткөн ишеними, стратегиялык өнөктөштүгү жана колдоосу үчүн чын жүрөктөн ыраазычылык билдирем. Биздин кызматташтыгыбыз Кыргыз Республикасынын финансылык туруктуулугун чыңдоого багытталган өнүгүү институттарынын натыйжалуу өз ара аракеттенүүсүнүн мыкты үлгүсү болот деп ишенем.
Бүгүнкү макулдашуу өлкөбүздүн капитал рыногун өнүктүрүүнүн жаңы этабынын башталышы болсун. Ал заманбап, ачык, атаандаштыкка жөндөмдүү жана ата мекендик, ошондой эле эл аралык инвесторлор үчүн жагымдуу рынокту түзүүгө кызмат кылсын.
