Сатып алуу өткөрүү жөнүндө жарыя
Сатып алуу жөнүндө жарыя
«Борбордук депозитарий» ЖАК маалыматтык технологияларга жана маалыматтык коопсуздукка көз карандысыз аудит жүргүзүү боюнча кызматтарды сатып алуу өткөрүлөрүн жарыялайт.
Сатып алуунун максаты — «Борбордук депозитарий» ЖАКтын маалыматтык системаларын, IT-инфраструктурасын, IT-процесстерин жана маалыматтык коопсуздугун комплекстүү баалоо үчүн көз карандысыз аткаруучуну тартуу.
Аткаруучуга коюлуучу талаптар, иштердин көлөмү, аудитти жүргүзүү тартиби жана күтүлүүчү натыйжалар тиркелген Техникалык тапшырмада көрсөтүлгөн.
Кызыкдар уюмдар кызмат көрсөтүүнүн наркын, иштерди аткаруу мөөнөттөрүн жана төлөө шарттарын көрсөтүү менен коммерциялык сунуштарын, ошондой эле Техникалык тапшырманын талаптарына шайкештигин тастыктаган документтерди жөнөтүүгө чакырылат.
Сунуштарды кабыл алуу мөөнөтү: 2026-жылдын 23-сентябрына чейин.
Сунуштарды жөнөтүү үчүн электрондук даректер:
Байланышуу үчүн жооптуу адам: Кожобаева Эльнура
Тел.: 0312 311489, 0557 777294
Тиркеме | Документтер |
|---|---|
Сатып алууга катышууга чакыруу каты. | |
IT-аудит жүргүзүү боюнча техникалык тапшырма. |
