Борбордук депозитарий — жабык акционердик коому
← Бардык жаңылыктар

«Борбордук депозитарий» ЖАК үч тараптуу макулдашууга кол коюу аземине катышты

«Борбордук депозитарий» ЖАК үч тараптуу макулдашууга кол коюу аземине катышты

Бишкек шаары, 2026-жылдын 3-апрели. Novotel Bishkek City Center мейманканасында «Кыргызалтын» ААК, «Кыргыз фондулук биржасы» ЖАК жана «Борбордук депозитарий» ЖАК ортосунда үч тараптуу макулдашууга кол коюу аземи болуп өттү.

Макулдашуу Кыргыз Республикасында баалуу металлдардын уюштурулган рыногун өнүктүрүүгө жана алтындын санариптик биржалык соодасы үчүн заманбап инфраструктураны түзүүгө багытталган.

Долбоорду ишке ашыруунун алкагында «Борбордук депозитарий» ЖАК менчик укуктарын депозитардык эсепке алууну жана эл аралык «Төлөмгө каршы жеткирүү» (Delivery versus Payment, DvP) принцибине ылайык эсептешүүлөрдү жүргүзүүнү камсыз кылат. Бул механизм бүтүмдөрдүн ишенимдүү, ачык-айкын жана коопсуз аткарылышына кепилдик берет.

«Борбордук депозитарий» ЖАКтын Башкы директору Анаркан Ногойбаева төмөнкүлөрдү белгиледи:

«Бул макулдашууга кол коюу Кыргызстандын финансылык инфраструктурасын өнүктүрүүдөгү маанилүү кадам болуп саналат. Долбоорду ишке ашыруу заманбап эл аралык стандарттарды киргизүүгө, инвесторлордун ишенимин жогорулатууга жана ата мекендик капитал рыногунун мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө өбөлгө түзөт.»

Макулдашууга кол коюу финансылык рыноктун негизги институттарынын ортосундагы кызматташууну чыңдоодогу маанилүү этап болуп, жаңы инвестициялык инструменттерди киргизүүгө жана Кыргыз Республикасынын капитал рыногун мындан ары өнүктүрүүгө бекем негиз түздү